Газада каза болгондордун саны 37 миң 84кө жетти

Израиль Газа тилкесиндеги кыргындарын 247 күндөн бери улантууда.

2150532
Газада каза болгондордун саны 37 миң 84кө жетти

Израиль кол салууларын уланткан Газа тилкесинде каза болгондордун саны 37 миң 84кө жетти.

Израиль Газа тилкесиндеги кыргындарын 247 күндөн бери улантууда.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Израил армиясынын акыркы 24 саатта карапайым элге карай 8 жолу кол салганы, 283 кишинин каза болгону, 814 кишинин жараланганы белгиленди.

Кол салуулар башталган 7-октябрдан бери жалпы каза болгондордун саны 37 миң 84кө, жаралуулардын саны 84 миң 494кө жеткени белгиленди.



Тектеш кабарлар