Херсон жана Луганскка кол салуу болду

Кол салуунун Франциянын аба бомбасы жана Америкада жасалган HIMARS ракетасы менен жасалганын белгилеген Салдо кол салуудан 22 кишинин каза болгондугун, 15 кишинин жаралангандыгын белгиледи.

2150280
Херсон жана Луганскка кол салуу болду

Россия аннексиялап алган Херсон жана Луганск  аймактарына жасалган кол салууда  26 киши каза болду. 

Херсон облусунун губернатору болуп дайындалган Владимир Салдо Telegram каналынан маалымат берип :  "Украина армиясы аймактагы Садовое айылына кол салды. Кол салуунун натыйжасында адамдар көп болгон соода кылуучу  жер жок кылынды»,- деди.

Кол салуунун Франциянын аба бомбасы жана Америкада жасалган HIMARS ракетасы менен жасалганын белгилеген Салдо кол салуудан 22 кишинин каза болгондугун, 15 кишинин жаралангандыгын белгиледи. 

Луганск элдик республикасынын башкаруусунан берилген маалыматта да Луганск шаарына ракеталар менен жасалган кол салууда  4 кишинин каза болгондугу, 50дөн ашуун кишинин жаракат алгандыгы маалымдалды. 

Кол салуунун натыйжасында 5 кабаттуу бир имараттын кулагандыгы, 30га жакын имараттын да зыян тарткандыгы айтылган билдирүүдө окуя болгон жерде издөө - куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгы белгиленди.

Россиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы  Мария Захарова Луганск менен Херсондогу чабуулдарды украин армиясынын жасагандыгын билдирип : "Россиянын куралдуу күчтөрү украин согушкерлери жасаган бардык кылмыштарга мүмкүн болушунча тез жооп берүүгө даяр", - деди.

Катчы Захарова  мындай кол салуулардын америкалык, британиялык жана башка батыштык эксперттер тарабынан даярдалгандыгын баса белгиледи. 

Украинанын Донцк, Луганск, Запорожье жана Херсон аймактары Россиянын президенти Владимир Путин  2022 -  жылы  30 -  сентябрда кол койгон жарлык менен мыйзамсыз аннексияланган.

 

     



    Тектеш кабарлар