Израиль БУУнун мектебине кол салды: 40 адам каза болду
Газадагы өкмөттүн басма сөз кызматы, кол салуусуна байланыштуу билдирүү жасады.
Израиль армиясынын Газа тилкесинин борбордук бөлүктөрүндө жер которгон палестиналыктар баш калкалаган мектепке кол салуусунда каза болгондордун саны 40ка жетти.
Газадагы өкмөттүн басма сөз кызматы, Израиль армиясынын Нусайрат качкындар лагеринде Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер агенттигине (UNRWA) таандык мектепке кол салуусуна байланыштуу билдирүү жасады.
Билдирүүдө, «Баскынчы Израиль армиясы, көптөгөн жер которгон палестиналыктарды кабыл алган Нусайрат лагериндеги UNRWA мектебин бомбалоо менен кылган коркунучтуу кыргынында 40 палестиналыкты өлтүрдү. Каза болгондордун 14ү балдар, 9у аялдар. Мындан тышкары 23ү бала, 18и аял 74 адам жаракат алды»,-деп айтылды.
Билдирүүдө израилдик согуштук учактардын палестиналыктар баш калкалаган БУУнун мектебине 3 ракета менен кол салганы, мектептин Израиль армиясы бутага алган 149-баш калкалоочу жай экени белгиленди.
Билдирүүдө: «Баскынчы Израиль жер которгон калк баш калкалаган борборлордо он миңдеген адам бар экенин билсе да, бул ырайымсыз кыргындарды көп жолу ишке ашырды»,-делди.
Израилдин жер которгондор баш калкалаган борборлорго карай «кыргындары» айыпталган билдирүүдө: «Бул, геноцид кылмышына кирет. Биз Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) системалуу түрдө кылмыш жасап жаткан Израилге толук жана ар тараптуу колдоосун айыптайбыз»,-деп айтылды.
Билдирүүдө Газа тилкесинде адамзатка жана эл аралык укукка каршы жасалган кылмыштар үчүн толугу менен «Израиль жана АКШ башкаруучулугунун» жооптуу экени белгиленип, дүйнө өлкөлөрүнө Палестина элине карай «кыргындарды, геноциддик согушту жана этникалык тазалоону» айыптоо чакырыгы салынды.
Эл аралык коомчулук, мекеме жана уюмдардан «Газада карапайым калкка, аялдарга жана балдарга каршы геноцид кылмышын токтотуусу үчүн Израилге кысым көрсөтүү» талап кылынды.
Билдирүүдө эл аралык коомчулукка жана эл аралык сотторго «Израилдик жана АКШнын согуш кылмышкерлерин соттоого» чакырык жасалды.