НАСА Хаббл телескобунун космоско байкоо жүргүзүүсүнүн убактылуу токтотту
Американын авиациялык жана космостук мекемеси НАСА Хаббл телескобунун космоско байкоо жүргүзүүсүнүн убактылуу токтотулганын билдирди.

Американын авиациялык жана космостук мекемеси НАСА Хаббл телескобунун космоско байкоо жүргүзүүсүнүн убактылуу токтотулганын билдирди.
НАСАнын билдирүүсүндө, телескоптун гироскоп системасынын бузулушунан улам уйку режимине киргизилгени белгиленди.
Узак мөөнөттүү фокустоо системасынын бир бөлүгү болгон гироскоптордун биринин бузулганына карабастан Хаббл телескобу коопсуз болгону менен активдүү эмес экени айтылды.
Билдирүүдө расмий өкүлдөрдүн Хаббл космостук телескобундагы мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн иштеп жаткандыгы маалымдалды.
1990 - жылы орбитага чыгарылган Хаббл телескобунун бир же эки иштеген гироскоп менен дагы деле ачылыштарды уланта ала турганы белгиленди.
Телескоп акыркы жолу 2009 - жылы 6 жаңы гироскоп менен жабдылган, бул анын көңүлүн туура багытка бурууга жана космостогу байкоолордо туруктуу болууга мүмкүндүк берген.