Песков: «Түркиянын БРИКСке болгон кызыгуусуна ыраазыбыз»
Дмитрий Песков борбор шаар Москвада, Түркиянын БРИКСке карата мамилесине баа берди.
Орусия Түркиянын БРИКСке болгон кызыгуусун кубаттайт.
Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков борбор шаар Москвада, Түркиянын БРИКСке карата мамилесине баа берди.
Коңшу мамлекеттердин, анын ичинде Түркия сыяктуу маанилүү өнөктөштөрдүн БРИКСке болгон кызыгуусун кубаттайбыз»,-деген Песков: «Албетте, бул кызыгуу Орусиянын төрагалыгы алдында даярдалган БРИКС саммитинин да күн тартибинде болот. Бул Уюм кошулууну каалаган бардык өлкөлөрдүн бардык кызыкчылыктарына жооп бере албашы мүмкүн, бирок БРИКС кызыккан бардык мамлекеттер менен байланыштарды улантууну жактайт» деп баа берди.
Ал үчүн ар кандай форматтардын үстүндө иштеп жатканын белгилеген Песков: «Бул убакытты талап кылган процесс, бирок мындай катуу кызыгууну кубаттайбыз»,-деди.
10-11-июнь күндөрү Орусиянын Нижний Новгород шаарында БРИКС өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан да келерки аптада Орусияда өткөрүлүшү пландалган БРИКС жыйынына катыша турганын билдирген.
Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкадан турган БРИКС Батыштын дүйнөлүк каржы системасындагы үстөмдүгүнө каршы чыгууну көздөйт.
Тектеш кабарлар
ЕБден Ливанга гуманитардык жардам
Евробиримдик Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен билдирүү жасады.
Газадагы кыргын уланып жатат
Израилдин Газага 363 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.