Остин Зеленский менен жолугушту

Жолугушууда Остин АКШнын Орусиянын кол салууларына каршы Украинага толук колдоо көрсөткөнүн кайталады.

2147474
Остин Зеленский менен жолугушту

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) коргоо министри Ллойд Остин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту.

АКШнын Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда министр Остин Сингапурда өткөн Азия-Тынч океан аймагындагы эң маанилүү коопсуздук форумдарынын бири болгон Шангри-Ла диалогунун алкагында Украинанын президенти Зеленский менен жолугушту.

Жолугушууда Остин АКШнын Орусиянын кол салууларына каршы Украинага толук колдоо көрсөткөнүн кайталады.

Остин ошондой эле Украинанын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн өлкөсүнүн коопсуздук жардамын жаңыртып, Украинага «өз эркиндигин коргоо» үчүн колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Бир тараптан эки тарап АКШ менен Украинанын ортосундагы стратегиялык коргонуу өнөктөштүгүн дагы да бекемдөөгө убада беришти.



Тектеш кабарлар