"Украинага күчтүү колдоо" билдирүүсү

Блинкен менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Чехиянын борбор шаары Прагада НАТОнун тышкы иштер министрлеринин расмий эмес жыйынынын алдында басма сөзгө биргелешкен билдирүү жасашты.

2146988
"Украинага күчтүү колдоо" билдирүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын негизги күн тартибиндеги маселелердин бири Украинага «күчтүү колдоо пакетинин» үстүндө иштөө боло турганын айтты.

Блинкен менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Чехиянын борбор шаары Прагада НАТОнун тышкы иштер министрлеринин расмий эмес жыйынынын алдында басма сөзгө биргелешкен билдирүү жасашты.

АКШнын борбор шаары Вашингтондо боло турган НАТО саммитинен мурда (9-11-июль) маанилүү сүйлөшүүлөр өткөрүлүп саммиттин күн тартибинин үстүндө иштей тургандарын баса белгилеген Блинкен: «Украина үчүн абдан күчтүү колдоо пакетин көрөсүздөр жана бул чечим саммиттин негизги темасы болот»,-деди.

Столтенберг саммитте альянстын 75 жылдыгын белгилөө менен бирге маанилүү чечимдердин кабыл алынаарын да билдирди.

НАТОнун тышкы иштер министрлери бейформал форматта жылына бир жолу союздаш өлкөлөрдүн биринде чогулуп, жылдык саммитке даярдыктарды талкуулашат.

Вашингтон саммитинин күн тартибинин арасында Украинага туруктуу колдоо көрсөтүү, НАТОнун коргонуусун бекемдөө жана дүйнө жүзү боюнча өнөктөштүктү тереңдетүү сыяктуу темалардын талкууланышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар