Бразилия Тель-Авивдеги элчисин чакыртып алды
Бразилиянын Израилдеги дипломатиялык өкүлчүлүгү, убактылуу ишенимдүү өкүлдүн деңгээлинде кызматын улантат.
Израилдин Газага карай уланып жаткан кол салууларынын себебинен Бразилия бул өлкөдөгү элчисин чакыртып алды.
Бразилиялык басма сөздөгү кабарларга караганда өкмөт, Тель-Авив элчиси Фредерико Майерди «кеңешүү үчүн» чакыртып алды.
Бразилиянын Израилдеги дипломатиялык өкүлчүлүгү, убактылуу ишенимдүү өкүлдүн деңгээлинде кызматын улантат.
Улуттук маалымат каражаттарына сөз сүйлөгөн жогорку даражалуу бир өкүл, Израилге жаңы элчинин кыска убакытта дайындалбай турганын айтты.
Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Кац, Бразилиянын президенти Лула да Силванын 19-февралда өлкөсүнүн Газадагы оккупациясын нацисттик лидер Адольф Гитлердин аракеттери менен салыштырганына жооп катары "персона нон грата" деп жарыяланганын билдирген.
Лула да Силва Израилдин Газаны басып алуусун "геноцид" деп сыпаттап, аны нацисттик лидер Адольф Гитлердин аракеттерине окшоштурган жана Газа тилкесинде болуп жаткандардын "согуш эмес, геноцид" экенин айткан.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху да Лула да Силванын сөздөрүнө реакция кылып, «кызыл сызыктан ашты» деген.