Украина менен Португалия коопсуздук кызматташуу келишимне кол коюшту

Владимир Зеленский соцтармактан берген билдирүүсүндө жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Португалиянын борбор шаары Лиссабондо премьер  - министр Монтенегро менен жолугушкандагын белгиледи.

2145925
Украина менен Португалия коопсуздук кызматташуу келишимне кол коюшту

Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Португалиянын премьер  - министри Луис Монтенегро коопсуздук тармагында кызматташуу келишимине кол коюшту. Владимир Зеленский соцтармактан берген билдирүүсүндө жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Португалиянын борбор шаары Лиссабондо премьер  - министр Монтенегро менен жолугушкандагын белгиледи.

Жолугушуунун негизинде Монтенегро менен эки тараптуу коопсуздук келишимине кол койгондорун белгилеген Зеленский : «Келишим Португалиянын бул жылы Украинага кеминде  126 миллион евро аскердик жардам берүү убадасын камтууда»,- деди.

Украинанын лидери Португалиянын Ф  - 16  аскердик учактары жана деңиз күчтөрү  коалициялары менен бирге артиллериялык ок  - дары менен камсыздоо, миналарды тазалоо жана деңиз коопсуздугу программаларына катышуусун ырастаганы тууралуу маалымат берди.

Келишим эки өлкөнүн ортосунда коргонуу өнөр жайы, чалгындоо, жалган маалымат менен күрөшүү жана башка тармактарда кызматташууну күткөндүгүн белгилеген Зеленский : «Саясий  тармакта Португалия  Украинанын Тынчтык формуласына кол салуучунун адилетке тапшырылышына, Россия тарабынан уурдалган украиналык балдардын тапшырылышы жана орус агрессиясы жол ачкан чыгымдар үчүн компенсация механизминин түзүлүшүнө карата колдоосун кайталады»,- деди.

Португалия Украинанын эки тараптуу коопсуздук келишимине кол койгон  12 -  өлкө болду. Украина буга чейин Британия, Германия, Дания, Канада, Италия, Нидерландия, Финляндия, Латвия, Испания, Франция жана Бельгия менен эки тараптуу коопсуздук келишимине кол койгон.



Тектеш кабарлар