ЕБнин тышкы иштер министрлери Израилди Эл аралык Адилет сотунун чечимдерин аткарууга чакырды

Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн ЕБ тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин басма сөзгө маалымат берди.

2145295
ЕБнин тышкы иштер министрлери Израилди Эл аралык Адилет сотунун чечимдерин аткарууга чакырды

Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Израилдин Эл аралык Адилет Сотунун (ICJ) чечимдерине баш ийүүсү, Палестина башкаруусуна ресурстардын өтүшүнө жана Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындар үчүн жардам жана иш боюнча агенттигинин(UNRWA)  иш-аракеттерине тоскоолдук кылууну токтотуусу керектиги боюнча макулдашты.

Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн ЕБ тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин басма сөзгө маалымат берди.

Израиль армиясынын Рефах шаарындагы жер которгон палестиналыктардын лагерине кол салышын «катуу» айыптаганын белгилеген Боррель, бул кол салуунун Эл аралык Адилет Сотунун Израилдин кол салууларын токтотуусун талап кылган жаңы буйруктарынан кийин жасалганына көңүл бурду.

Боррель министрлердин Израилдин Эл аралык соттун чечимдерине баш ийүүсү, ресурстардын Палестина башкаруусуна өтүшүнө тоскоол болбошу жана Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындар үчүн жардам жана иш боюнча агенттигин(UNRWA) «террорчу» деп жалаа жабуу жана анын ишмердүүлүгүнө тоскоол кылууну токтотуусу тууралуу макулдашканын жарыялады.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин Евробиримдиктин Чек арага жардам берүү миссиясынын (EUBAM) Рафахка жайгаштырылышын жактырганын билдирген Боррель, бул миссиянын көптөн бери активдүү боло электигин, Палестина башкаруусу, Египет жана Израил бул боюнча макулдашса, Газага кызматкерлердин кирип-чыгышын жеңилдете аларын айтты.

Жозеп Боррель министрлер ЕБ-Израиль Ассоциация Кеңешин чакырууга да бир добуштан чечим кабыл алышканын жана тараптардын келишиминде каралган адам укуктары жана демократиялык принциптерге байланыштуу милдеттерди эскерткенин айтты.

Евробиримдиктин кээ бир мүчөлөрү Израиль тарабынан милдеттенмелер көптөн бери бузулган деген жүйө менен Евробиримдиктин келишимден чыгышы керек деп эсептешет.



Тектеш кабарлар