Гутерриш: "Бул мыкаачылык токтошу керек"

Газада коопсуз жер жок экенин баса белгилеген Гутерриш X социалдык медиа баракчасынан бөлүшүүсүндө, Израилдин кол салуусунан бейкүнөө жарандардын каза болгонун айтып: «Бул мыкаачылык токтошу керек»,- деди.

2145115
Гутерриш: "Бул мыкаачылык токтошу керек"

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш, Израиль армиясынын Рафах шаарында жер которгон палестиналыктардын лагерине кол салуусун айыптады.

Газада коопсуз жер жок экенин баса белгилеген Гутерриш X социалдык медиа баракчасынан бөлүшүүсүндө, Израилдин кол салуусунан бейкүнөө жарандардын каза болгонун айтып: «Бул мыкаачылык токтошу керек»,- деди.

Израиль Эл аралык адилет соту кол салууларды токтотууга чечим чыгарган Газа тилкесиндеги Рафах шаарында жер которгон палестиналыктардын чатырларына 26-майда кол салып, кол салууда 45 палестиналык каза болгон.

Окуяга күбө болгондор: «Израиль армиясынын бомбалоосу лагердеги көптөгөн чатырлардын урашына жана күйүп кетишине себеп болду. Бул лагерь, миңдеген жер которгон палестиналыктар жашаган Рафах шаарында жайгашат»,-дешкен.

Күбөлөр Израилдин согуштук учактарынын лагерге кеминде 8 ракета менен кол салганын билдиришкен.



Тектеш кабарлар