БУУ Кытай менен Тайванга чакыруу салды
БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.
2143837
БУУ Кытай эгемендик боюнча келишпестик ичинде болгон Тайвань жана айланасын курчоого алган кенен аскердик машыгууну баштагандан кийин сабырдуулукка чакырды.
БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Тайвань кысыгындагы окуяларды жакындан иликтегендерин белгилеген Дужаррик : «Бардык тараптарды аймактагы чыңалууну күчөтө турган кадамдардан качууга чакырабыз»,-деди.
Дeжаррик БУУ Башкы ассамблеясынын Кытайга байланыштуу 1971-жылдагы резолюциясына ылайык аракет кылып жатканын айтты.
Тайвандын жаңы лидери Лай Чинг-те кызматка киришкенден үч күндөн кийин Кытай аралды жана анын тегерегин курчаган комплекстүү аскердик машыгууларды баштаганын жарыялаган.