Макрон королдук протоколду бузду
Өлкө басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, Бельгиянын королу Филипп борбор шаар Брюсселде өткөрүлгөн Европа Биримдиги (ЕБ) саммитине катышкан лидерлерди Королдук сарайда тосуп алды.
Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Бельгиянын королу Филипптин колун кармап королдук протоколду бузушу реакцияларды жаратты.
Өлкө басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, Бельгиянын королу Филипп борбор шаар Брюсселде өткөрүлгөн Европа Биримдиги (ЕБ) саммитине катышкан лидерлерди Королдук сарайда тосуп алды.
Франциянын президенти Макрон кол алышуу учурунда экинчи колу менен падыша Филипптин колун кармаганы өлкөнүн басма сөзүндө талаш-тартыштарды жаратты.
Бул кыймылы менен Макрондун королдук протоколду бузганы айтылды. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары: «Макрон падышаны досу деп ойлоп жатабы?" деген сөздөр менен француз президентине каршылык көрсөтүштү.
Бельгиянын королдук протоколуна ылайык, падышанын колун кармоого тыюу салынган. Болбосо королдук үй-бүлөнү “сыйлабыстык” катары эсептелет.
Макрон буга чейин да Англиянын королу Чарльз III менен жолугушууда колун кармап сынга кабылган.