Украина : Россиянын кол салуудан кабары болгон
Украинанын Башкы чалгындоо башкармалыгынын директору Кирилл Буданов Россиянын Крокус Сити Холлдогу теракт тууралуу 15 - февралдан бери кабарынын бар экендигин билдирди.

Украинанын Башкы чалгындоо башкармалыгынын директору Кирилл Буданов Россиянын Крокус Сити Холлдогу теракт тууралуу 15 - февралдан бери кабарынын бар экендигин билдирди.
Будановдун айтымында, орус чалгындоо кызматы кол салгандардын кайдан келери, Россияга кайсы эки өлкөдөн кире турганы сыяктуу окуянын дээрлик бардык чоо-жайын алдын ала билген.
Буданов : "2024 - жыл 14 - февралдан бери Россия кол салуу даярдыгынан кабары болгон. Бул маалымат уюмдун Сирия чалгындоосунан өтүп Москвага жетти",- деди.
Украинанын Башкы чалгындоо башкармалыгынын директору Россиянын кол салууга эмне үчүн көз жумганы тууралуу эки божомол жүргүздү : «Биринчиден – Кремль мунараларындагы көнүмүш болгон салгылашуулардын бири – бир нече адамды кызматтан алуу үчүн уюштурулган болушу мүмкүн. Экинчиден - алар эмне болорун так эсептешкен эмес. Кичине масштабда нерсени күтүшкөн, андан кийин Украинаны күнөөлөшмөк".
22-мартта террордук топ Крокус Сити Холлдогу көрүүчүлөргө ок атып, имаратты өрттөшкөн. Теракттын кесепетинен кеминде 143 адам каза болуп, 180 адам жаракат алып, 95 адам дайынсыз болууда.
Кол салуунун жоопкерчилигин ДЕАШ-Хорасан террордук уюму моюнга алды. АКШ да кол салууну бул уюмдун жасаганын ырастады. Бирок Кремль чабуулдун артында Украина турушу мүмкүн экендигин ойлоп жатат.