Палестина БУУнун Коопсуздук Кеңешинде чыгарылган ок атышпоо чечимин дароо ишке ашырууга чакырды

Билдиүүдө : "БУУ Коопсуздук Кеңеши эл аралык консенсус менен кабыл алынган бул маанилүү чечимдин аткарылышын камсыз кылууга тийиш",- деп айтылды.

2120502
Палестина БУУнун Коопсуздук Кеңешинде чыгарылган ок атышпоо чечимин дароо ишке ашырууга чакырды

Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAнын билдиргенине караганда, Палестина президенттиги БУУнун Коопсуздук Кеңешинде чыгарылган ок атышпоо чечиминен кийин жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Билдирүүдө бул чечимден ыраазы экендиктери билдирилип, бейкүнөө адамдардын өмүрүн коргоо үчүн чечимдин тез арада ишке ашырылышына чакыруу салынды.

"БУУ Коопсуздук Кеңеши эл аралык консенсус менен кабыл алынган бул маанилүү чечимдин аткарылышын камсыз кылууга тийиш", - деп айтылды билдирүүдө.

«Агрессиянын толугу менен токтотулушу,  Израиль  тилкесинен толугу менен чыгышы жана Израиль оккупациялык жетекчилери менен террордук отурукташуучулар тарабынан Чыгыш Кудс да болгон Батыш Шериада жасалган кылмыштардын акырына чыгарылышы багытында ташталган кадам», - деп баа берилген чечимдин туруктуу ок атышпоого жана туруктуу болушуна жылдырылышы керектиги баса белгиленди.

Билдирүүдө  өзгөчө сөз болгон ок атышпоо чечиминин оккупациянын акырына чыгышы жана борбор шаар Чыгыш Кудс болгон бир Палестина мамлекетин такташы үчүн эл аралык укук жана мыйзамдуулукка таянган  саясий  бир жолду баштоо тууралуу кадам катары баа берилгендиги белгиленди.

Палестина калкы дуушар болгон ачкачылыктын токтошу үчүн бардык чек ара дарбазалары аркылуу Газа тилкесинин баарына чукул гуманитардык жардамдын жеткирилиши талап кылынып, чечимди сунуштаган жана колдогон өлкөлөрдүн карманган позицияларынын баалуулугу баса белгиленди.

Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму да бул чечимден ыраазы экенин билдирип, согушту толугу менен токтотууга жана Израилди Газа тилкесинен тез арада чыгып кетүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар