Путин: «Орусия менен НАТОнун ортосунда кагылышуу болушу мүмкүн»

Президенттик шайлоо аяктагандан кийин Владимир Путин шайлоо штабынан жарандарга кайрылып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2116954
Путин: «Орусия менен НАТОнун ортосунда кагылышуу болушу мүмкүн»

Орусиянын президенти Владимир Путин анын өлкөсү менен НАТОнун ортосунда жаңжал чыгышы мүмкүн экенин билдирди.

Президенттик шайлоо аяктагандан кийин Владимир Путин шайлоо штабынан жарандарга кайрылып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Франциянын Украинадагы кагылышууну тереңдетпестен, тынчтык жолу менен чечүүгө салым кошуусу керектигин айткан Путин, Украинада НАТО аскерлери бар экенин билгендерине көңүл бурду.

Орусия менен НАТОнун ортосунда кагылышуу болобу деген суроого Путин : «Заманбап дүйнөдө баары мүмкүн. Бул кагылышуу толук масштабдуу Үчүнчү Дүйнөлүк согуштун бир кадам алыс болушуна алып келет, бирок мен бул маселеге эч ким кызыкдар эмес деп ойлобойм»,- деди.

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун  2024-жылкы Париж Олимпиадасы учурунда (Орусия менен Украинанын ортосунда) ок атышпоо сунушунан кабары жок экенин белгилеген Путин, Орусиянын бардык шартта өз кызыкчылыгына жана кагылышуу аймагындагы абалга ылайык иш кыла турганын баса белгиледи.

Путин сөзүн улап: «Биз тынчтык сүйлөшүүлөрүн жактайбыз, бирок душмандын ок-дарысы түгөнүп калганы үчүн эмес. Эгер алар чындап эле олуттуу болуп, узак мөөнөттүү келечекте тынчтык орнотууну кааласа, биз тынчтык сүйлөшүүлөрүн жактайбыз. Кайра куралдануу учун 1,5- 2 жылдык тыныгуу берилсин деп эмес»,-деди.



Тектеш кабарлар