Владимир Путин Украинанын шайлоого таасирин тийгизүү үчүн кол салгандыгын айтты

Путин Россиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен онлайн жолугушуу өткөрдү.

2116285
Владимир Путин Украинанын шайлоого таасирин тийгизүү үчүн кол салгандыгын айтты

Россиянын президенти Владимир Путин Украинанын Россиядагы президенттик шайлоого таасирин тийгизүү үчүн жарандык отурукташуу жерлерине кол салгандыгын жана мунун жазасыз калтырбай турганын айтты.

Путин Россиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен онлайн жолугушуу өткөрдү.

Жыйынга Россиянын коргоо министри Сергей Шойгудан тышкары өкмөт мүчөлөрү, Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору Александр Бортников жана Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын (СВР) башчысы Сергей Нарышкин катышты.

Путин жыйындын басма сөзгө ачык бөлүгүндө сүйлөгөн сөзүндө Россияда (кечээ) президенттик шайлоонун башталгандыгын белгилеп : "Киевдеги неонацисттик режим добуш берүү процессин үзгүлтүккө учуратуу жана адамдарды коркутуу үчүн бир катар кылмыштуу куралдуу акцияларды пландаштырды жана буларды ишке ашырууга аракет кылууда. Россия жерлериндеги жарандар жашаган аймактарга кол салууда",- деди. 

Украина тарабынан атылган ракета жана артиллериянын 95 пайызынын Россиянын абадан коргонуу системалары тарабынан жок кылынгандыгын айткан  Путин : "Тилекке каршы бизде да жарандык жогтуулар болууда. Алардын үй-бүлөлөрүнө бардык керектүү жардам жана колдоолор көрсөтүлөт. Бул душман кол салуулары жазасыз калбайт",- деди. 

Путин Украинанын атайын күчтөрү чет элдик жалданма аскерлердин жардамы менен Россиянын аймагына кирүүгө аракет кылганын, бирок эч бир багытта ийгиликке жетпегенин билдирди.

Украин аскерлеринин оор жоготуулардан кийин артка чегинүүгө аргасыз болгонуна көңүл бурган Путин, бул демилгелердин Россиядагы президенттик шайлоону болтурбоо максатын көздөгөнүн кайталады.

 



Тектеш кабарлар