Түштүк Африка Израилдин армиясында согушкан жарандарын камакка алат

Тышкы иштер министри Наледи Пандор маалымат берди.

2115113
Түштүк Африка Израилдин армиясында согушкан жарандарын камакка алат

Түштүк Африканын тышкы иштер министри Наледи Пандор Израиль армиясында иштеген Түштүк Африканын жарандарынын өлкөгө кайтып келери менен камакка алынаарын билдирди.

Наледи Пандор Африка улуттук конгресси тарабынан Түштүк Африканын Палестина менен тилектештигине карата уюштурулган жыйында, Израиль армиясында иштеген Түштүк Африка жарандарынын өлкөгө кайтып келээри менен камакка алынаарын кабарлады.

Пандор: «Израилдин Коргоо күчтөрүнүн катарында же анын ичинде согушуп жаткан түштүк африкалыктарды эскерткен билдирүү жасадым: Биз даярбыз, өлкөгө кайтып келери менен камакка алабыз»,-деди.

Пандор: «Палестина калкы менен 8-октябрда (Израилдин Газа тилкесине кол салуулары башталганда) таанышкан жокпуз, биз ондогон жылдар бою күрөштө биргебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар