АКШ Газага абадан жардамын таштады

АКШнын Борбордук командирлигинин (CENTCOM) билдирүүсүндө, кечээ АКШ армиясына таандык 3 С-130 жүк ташуучу учагынын Газага абадан гуманитардык жардам жеткиргени белгиленди.

2110152
АКШ Газага абадан жардамын таштады

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Иорданиянын Королдук Аба күчтөрү менен бирге 38 миң тамак-аш азыктары болгон гуманитардык жардамды Газага таштаганын жарыялады.

АКШнын Борбордук командирлигинин (CENTCOM) билдирүүсүндө, кечээ АКШ армиясына таандык 3 С-130 жүк ташуучу учагынын Газага абадан гуманитардык жардам жеткиргени белгиленди.

Иорданиянын Королдук Аскердик Аба күчтөрү менен биргеликте жүргүзүлгөн гуманитардык жардам операциясында АКШ тарабынан Газанын жээк сызыгына абадан ташталган паллеттерде болжол менен 38 миң тамак бар экени белгиленди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жооптуу кызматкерлери Газадагы 2,3 миллион адамдын кеминде төрттөн бири катуу ачарчылыкка дуушар болгонун жана абадан ташылган жардам жардамды бөлүштүрүүнүн эффективдүү ыкмасы эмес экенин, бирок акыркы чара катары колдонула турган ыкма экенин белгилешти.

Израиль кургактыктагы гуманитардык жардамдын Газага киришине уруксат бербегендиктен, Иордания менен Египет буга чейин Газага аба аркылуу гуманитардык жардам жеткирүү аракетин көрүшкөн.

Бир тараптан Израиль армиясынын 29-февралда Газа шаарында гуманитардык жардам күткөн палестиналыктарга кол салуусунан 118 киши каза болуп, 760тан ашуун киши жараланган.

Газа өкмөтү Израилдин гуманитардык жардам күткөндөргө кол салышынын «атайын жана пландуу» болгонун баса белгилеп: «Баскынчы армиясы бул адамдардын аймакка гуманитардык жардам алуу үчүн келгенин билген, бирок камаарабай туруп өлтүрүшкөн»,-деди.



Тектеш кабарлар