АКШнын Техас штатындагы токой өрттөрү
Техас штатынын губернатору Грег Эббот, 26-февралдан бери уланып жаткан токой өртүнө байланыштуу "өзгөчө абал" жарыялаганын кабарлады.
2108518
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Техас штатындагы Панхандл шаарында 26-февралда башталган токой өрттөрүнөн улам "өзгөчө абал" жарыяланды.
Штаттын жетекчилери, Панхандлдагы өрттөн улам 5 миңге жакын тургундун эвакуацияланганын жана болжол менен 240 миң акр аянттын таасирленгенин билдиришти.
Ошондой эле саатына 64-96 километрге жеткен шамалдын себебинен өрттүн аймактын бардык жерлерине ылдам жайылганын, көрүү мүмкүнчүлүгүн азайткан түтүндөн улам көп жолдун кыймылга жабылганын маалымдашты.
Техас штатынын губернатору Грег Эббот, 26-февралдан бери уланып жаткан токой өртүнө байланыштуу "өзгөчө абал" жарыялаганын кабарлады.