Дүйнө жүзүндө Палестинаны колдоо акциялары өтүп жатат

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мичиган штатында АКШнын президенти Жо Байденге каршы нааразылык акциясы өттү.

2107997
Дүйнө жүзүндө Палестинаны колдоо акциялары өтүп жатат
abd ateskes cagrisi.jpg
abd ateskes cagrisi.jpg

Палестинаны колдоо дүйнөнүн төрт тарабынан уланууда.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мичиган штатында АКШнын президенти Жо Байденге каршы нааразылык акциясы өттү. "Мичиганды ук" коомчулугу Демократиялык партиянын праймеризинин алдында Палестинага көңүлдөрдү бурду.

Демонстранттар «Геноцид кылган Жо» деген ураандарды чакырышты. Израилдин Газага кол салууларын токтотуусун талап кылган демонстранттар Байдендин туруктуу ок атышпоо чакырыгын аткарбаганына реакция көрсөтүштү.

Демонстранттар Жо Байдендин Нью-Йоркто катыша турган телеберүү программасынын алдында да нааразылык акциясына чыкты. Демонстранттар Байдендин программасына баруусуна жол бербөөгө аракет кылып, нааразычылык акциясын өткөрүштү. 50гө жакын демонстранттар кармалды.

Израилге каршылык көрсөтүү үчүн өзүн өрттөгөн америкалык аскер Аарон Бушнелл Израилдин элчилигинин алдында эскерилди.

Жүздөгөн адамдар, анын ичинде еврей америкалыктар, Газадагы геноцидге катышпай турганын айтып Вашингтондогу Израилдин элчилигинин алдында өзүн өзү өрттөгөн АКШ аба күчтөрүнүн аскери Аарон Бушнеллди эскерүү үчүн окуя болгон жерге чогулушту.

Баннер, девиз жана Палестинанын желектерин көтөргөн демонстранттар Израилдин Газага кандуу кол салууларына ураан чакыруу менен нааразылык билдиришти. Топтун мүчөлөрү Бушнеллди эскерүү үчүн элчиликтин алдына гүл таштап, шам жагышты.

Палестинага колдоо көрсөтүү демонстрациясы Нидерландиянын Роттердам шаарында да өттү.

Демонстрацияда кызылга боёлгон куурчактар ​​жана кепиндер менен Газадагы кол салууларда каза болгон палестиналыктарга көңүлдөр бурулду.

Дүйнөдөгү эң ири мобилдик технологиялар жарманкеси Мобилдик Дүйнөлүк Конгресс (MWC 2024) Испаниянын Барселона шаарындагы нааразылык акцияларынын көлөкөсүндө эшигин ачты.

Жарманкенин ичинде келгендерге жаңы жана өнүккөн технологиялар таанытылып жатканда, жарманкенин сыртында Израилдин Газага кол салууларына каршылык көрсөтүлдү.

Аймактын алдына чогулган демонстранттар,«Эркин Палестина» ураандары жана Палестинаны колдогон транспаранттар менен
Израиль мамлекетине да, жарманкеге катышкан Израилдин технологиялык компанияларына да каршы чыгышты.

Тунисте ондогон журналисттер, Израилдин Газа тилкесинде журналисттерди өлтүрүшүнө жооп иретинде демонстрация уюштурду.

Тунистин журналисттер профсоюзу, 26-февраль Палестиналык журналисттер менен дүйнөлүк тилектештик күнүнөн улам бир убакта жасалган чакырык менен борбор калаа Тунисте ондогон журналист чогулду.

Демонстрацияга катышкан журналисттер «Газадагы журналисттер корголгон да, коопсуз да эмес» жана «Чындыктын үнү жана чындыктын көзү Палестиналык» деген жазууларды көтөрүп жүрүштү.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине катуу кол салууларынан көбү балдар болгон 30 миңге жакын палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар