Газада 26 миң 257 палестиналык өлтүрүлдү
Израиль аскерлеринин Газа тилкесине жасаган кол салууларынын 113 - күнүндө көбү балдар жана аялдардан турган ондогон киши каза болуп жана жараланды.

Израилдин 7 - октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында 26 миң 257 палестиналык каза болуп, 64 миң 797 киши жараланды.
Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү бидирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 113 күндөн бери уланып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларында акыркы 24 саатта 174 палестиналыктын каза болгондугу жана 310 кишинин жараланганы бидирилип, тез жардам жана жарандык коргонуу топтору бара албаган аймакта урандылардын астында азыр да адамдардын бар экендиги маалымдалды.
Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAнын кабарына караганда, Газанын борбордук аймактарындагы Дейр ал-Белах шаарындагы үйлөргө карата Израиль учактарынын кол салуусунда каза болгон жана жараланган көп сандаган киши Акса шейиттери ооруканасына жеткирилди.
Израиль армиясынын Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарындагы үйлөрдү бомбалоосунун натыйжасында көбү балдар жана аялдар болгон 9 киши каза болуп, кээ бирлери жаракат алды.
Израилдин Рафах шаарынын Эл - Женин конушуна жасалган кол салууда эки киши каза болуп, бир нече киши жараланды.
Кол салулардан кийин кыйраган имараттардын урандыларынан чыгарыла албаган дайынсыз кишилер да бар.