Жозеп Боррель Брюсселде билдирүү жасады

Боррель Жакынкы Чыгышта «эки мамлекеттүү чечимден» башка альтернатива жок экенин билдирди.

2092289
Жозеп Боррель Брюсселде билдирүү жасады

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Жакынкы Чыгышта «эки мамлекеттүү чечим» үчүн сүйлөшүүлөрдүн Израиль кааласа да, каалабаса да улана турганын айтты.

Жозеп Боррель, Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийинки билдирүүсүндө, Газадагы жарандарга жардам жеткирүү, туткундарды куткаруу жана жарандык жоготууларды болтурбоо үчүн Израилдин кол салууларын жана бомбалоолорун токтотууга аракет кылуунун «артыкчылык жана шашылыш» экенин баса белгиледи.

Жакынкы Чыгышта «эки мамлекеттүү чечимден» башка альтернатива жок экенин билдирген Боррель, Израилдин бул чечимге ылайык Палестина мамлекетинин түзүлүүсү үчүн кепилдик бериши керектигин айтты.

Жозеп Боррель басып алынган Батыш Шериада палестиналыктарга зомбулук көрсөткөн мыйзамсыз жөөт отурукташкандарга санкция салуу аракеттеринин уланып жатканын билдирип: «Эл аралык коомчулук, өзгөчө Европа тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн чечим табууга милдеттүү»,- деди.

Израилдин «эки мамлекеттүү чечимди» кабыл албаса дагы бул чечим үчүн сүйлөшүүлөрдүн улана турганын кабарлаган Евробиримдиктин жогорку өкүлү: «Эгер Израиль бул чечимди каалабаса, чечим табуу үчүн сүйлөшүүлөрдө орун алуулары кыйын болот. Бирок бул, берки актерлордун муну кылуусуна тоскоол боло албайт. Эл аралык коомчулук биргелешип чечим даярдап, аны сунуштап макулдашып алса, анда белгилүү бир соодалашуу күчү пайда болот»,-деди.



Тектеш кабарлар