Башкортостанда массалык козголоң башталды
17-январда Баймак райондук соту Фаил Алсыновдун иши боюнча чечимин билдирди.
Башкортостанда белгилүү Куштауда каршылык көрсөткөндөрдүн активист Фаил Алсыновду колдогондор уюштурган нааразылык акцияларынан кийин «массалык козголоңго» катышкандарга каршы иш козголду.
17-январда Баймак райондук соту Фаил Алсыновдун иши боюнча чечимин билдирди.
Сот Алсыновду этникалык бөлүүчүлүктүн негизинде кастыкты жайылтуу менен айыптап, төрт жылга эркинен ажыратты. Алсынов камакка алынды.
Укук коргоо органдарынын уруксатсыз митингдерге катышпоолору тууралуу чакырууларына карабастан миңдеген киши сот имаратынын алдында чогулуп "Эркиндик!" жана "Уялтуучу!" деген ураандар менен жүрүштү. Митингге чыккандар менен полициянын ортосунда кагылышуу чыкты. Коопсуздук күчтөрү союл жана көздөн жаш агызуучу газ колдонду.
Ички иштер министрлиги кабыл алган мыйзамга ылайык бул кылмыштын жазасы 15 жыл. Коомчулук кеңешинин төрагасы Рафаил Диваев “Başinformга’ берген маегинде : "Кылмыш - жаза кодексинин абдан олуттуу беренесинен, оор кылмыштан сөз кылуудабыз. Массалык козголоңдор өлкөнүн улуттук коопсуздугу үчүн коркунуч туудурууда. Ушул себептен бул беренеден соттолгондор олуттуу жаза алышы мүмкүн. Ошондуктан баарына ойлонууга, жашоолорун бузбоого чакырам. Бардык талаш - тартыштуу маселелер мыйзамдуу жолдор менен чечиле алат",- деди.
Алсынов өнөр жай ишканаларын көбөйтүүгө каршы Куштаун коргоо аракеттери менен белгилүү болгон. Куштау Башкортостандын Стерлитамак жана Ишимбай шаарларына жакын жайгашкан төрт тоонун бири.
Алсынов 2020 - жылдан бери бийлик "экстремисттик" деп мүнөздөгөн Башкортостандын эгемендигин коргогон "Башкорт" деп аталган уюмдун жетекчиси болгон.
Алсыновдун адвокаттары бир канча жолу Башкортостандын "бүтүн укук системасына» ишенбей турганын айтып, иштин башка аймакта каралышы керектигин баса белгилешкен.
Сотто Алсынов жана жактоочусу акталууну талап кылып, Алсынов коюлган айыптарды четке какты.