Пакистан Тегерандагы элчисин чакырды
Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мумтаз Зехра Белуч Ирандын Пакистандын эгемендигин эч себепсиз бузганы үчүн Тегерандагы элчисин чакыртып алганын жана жогорку деңгээлдеги бардык сапарлардын токтотулганын билдирди.
Пакистан Ирандын чабуулунан кийин Тегерандагы элчисин чакыртып алды.
Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мумтаз Зехра Белуч Исламабадда жасаган билдирүүсүндө Ирандын Пакистандын эгемендигин эч себепсиз бузганы үчүн Тегерандагы элчисин чакыртып алганын жана жогорку деңгээлдеги бардык сапарлардын токтотулганын билдирди.
Белуч бул мыйзамсыз кыймылдын кабыл алынгыс экендигин жана эч кандай негизинин жок экендигин белгилеп : "Пакистан бул мыйзамсыз кыймылга каршылык көрсөтүү укугун өзүнө калтырат. Ортого чыга турган жыйынтыктардын жоопкерчилиги түздөн түз Иранга тиешелүү болот",- деди.
Мунун Иран өкмөтүнө да билдирилгендигин айткан Белуч : "Пакистандын Тегерандагы элчисин чакыруу чечимин чыгаргандыгын жана азыркы тапта Иранга барган Ирандын Исламабаддагы элчисинин да бир канча убакыт кайтып келбеши мүмкүн экендигин өздөрүнө билдирдик",- деди.
Белуч келерки күндөрү Пакистан жана Ирандын ортосунда уланып жаткан же пландалган бардык жогорку деңгээлдеги сапарлардын токтотулгандыгын айтты.
Пакистандын Тышкы иштер министрлигинен кечээ берилген маалыматта өлкөнүн аба мейкиндигинин Иран тарабынан себепсиз бузулушу катуу айыпталып, кол салууда 2 баланын каза болгондугу, 3 кыз баланын жаракат алгандыгы билдирилген.
Тектеш кабарлар
Израиль Батыш Шериада кеңири масштабдуу чабуулга даярданууда
Халеви, Израиль армиясынын чоң операцияларга даяр болушу керектигин айтты.