БУУ Газа согушунун кеңейе тургандыгы боюнча эскертти

1,5 миллиондон ашуун киши  Израиль кол салууларынан коргонууга аракет кылууда.

2086851
БУУ  Газа согушунун кеңейе тургандыгы боюнча эскертти

Газа тилкесиндеги абал кыйратуучу. 1,5 миллиондон ашуун киши  Израиль кол салууларынан коргонууга аракет кылууда. Жабык анклавдын  түштүк бөлүгү да коопсуз эмес. 

Тышкы иштер министри Анналена Баербоктун Египетке жасаган сапары учурунда БУУнун Гуманитардык иштер боюнча координация кеңсеси Израилдин блокадасы астындагы Газа тилкесинин түштүк бөлүгүнө карата Израилдин зомбулук чабуулдарынын кеңейишине каршы эскертти. 

Газадагы Гуманитардык иштер боюнча координация кеңсесинин тобунун башчысы Жемма Коннелл  шейшемби күнү берген маалыматында : "Бул кагылышуу чоң өлчөмдө Рефахка келе албайт",- деди. Баербок Жакынкы Чыгыш саякатынын бир бөлүгү катары согуш аймагындагы абалды билүү үчүн ал жерге барды.  

Египет менен Газанын ортосундагы чек ара Рефах шаарынан өтөт. Газа согшунан мурда Рефахта 280 000 киши жашап жаткан. Бүгүн өлкө ичинде жер которгон  1,5 миллион киши Израилдин кол салууларынан коргонууга аракет кылууда. 

 



Тектеш кабарлар