Газа тилкесиндеги калктын  40 пайызы ачарчылык менен күрөшүүдө

БУУнун Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык качкындарга жардам берүү жана коомдук иштер агенттигинин Газа директору Томас Уайт  агенттиктин Х социалдык медиа платформасынан маалымат берди.

2082151
Газа тилкесиндеги калктын  40 пайызы ачарчылык менен күрөшүүдө

Газа тилкесиндеги калктын  40 пайызынын ачарчылык коркунучу менен бетме  - бет экендиги билдирилди.

БУУнун Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык качкындарга жардам берүү жана коомдук иштер агенттигинин Газа директору Томас Уайт  агенттиктин Х социалдык медиа платформасынан маалымат берди. 

Газада күн сайын тамак  - аш жана суу табуу үчүн күн сайын жашоо үчүн күрөшүүнүн болуп жаткандыгын белгилеген Уайт : "Газа тилкесинде ачарчылык маселеси бар. Калктын  40 пайызы азыркы учурда ачарчылык коркунучу менен бетме  - бет. Газа калкы үчүн дагы көп жардамга муктаждык бар жана калган бир гана үмүт гуманитардык ок атышпоо",- деди. 

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары 7 -  октябрда Израилге "Акса топону" аттуу кеңири чабуул баштагандыгын жарыялаган. Израиль армиясы да буга жооп катары аскердик учактар менен Газага "Темир кылычтар" операциясын баштагандыгын билдирген. 

Чыңалуунун күч алышы менен көпчүлүгү балдар болгон  21 миң  300дөн ашуун палестиналык каза болду. 

 



Тектеш кабарлар