БУУ:«Газада коомдук саламаттыкты бузуу жасалып жатат»

БУУнун баш катчысынын гуманитардык иштер жана чукул жардам координатору Мартин Гриффитс X социалдык медиа эсебинде бөлүшкөн билдирүүсүндө ооруканалардын дээрлик иштебей калганына көңүл бурду.

2081704
БУУ:«Газада коомдук саламаттыкты бузуу жасалып жатат»

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), «Газада коомдук саламаттыкты бузуу жасалып жатат» деген билдирүү жасады.

БУУнун баш катчысынын гуманитардык иштер жана чукул жардам координатору Мартин Гриффитс X социалдык медиа эсебинде бөлүшкөн билдирүүсүндө ооруканалардын дээрлик иштебей калганына көңүл бурду.

Гриффитс көптөгөн жугуштуу оорулардын ашыкча баш калкалоочу жайларда тездик менен жайылып жатканын белгилеп: «Согуштан жарадар болгон жүздөгөн адамдар дарылана албай жатышат», - деди.

Гриффитс: «Газада коомдук саламаттыкты бузуу жасалып жатат»,-деп эскертти.

Ошол эле учурда Эл аралык Кызыл Крест комитети (ЭККК) Израилдин Газа тилкесине каршы уланып жаткан согушу учурунда Газада «гуманитардык иштерди жана анда иштегендерди» коргоого чакырды.

ЭКККнын жазуу түрүндөгү жарыясында Газа тилкесиндеги гуманитардык жардам кызматкерлери менен гуманитардык жардам иштеринде колдонулган унаа жана имараттардын кагылышуу учурунда корголушу керектиги белгиленди.

Билдирүүдө гуманитардык кызматкерлер ал жерде өмүрдү сактап калуучу жардам көрсөтүү үчүн бар экени жана өз ишин коопсуз аткара алышы керектиги белгиленген.



Тектеш кабарлар