Армияга кошулууну четке каккан израилдик Митник абак жазасына тартылды
Израилдин Гаарец гезитинин кабарына караганда 18 жаштагы Митник армияга кошулууну четке какканы үчүн камакка алынды.
Газадагы кыргындарын улантып жаткан Израиль армиясына кошулууну четке каккан израилдик Тал Митник 30 күндүк аба жазасына тартылды.
Израилдин Гаарец гезитинин кабарына караганда 18 жаштагы Митник армияга кошулууну четке какканы үчүн камакка алынды.
Митник камакка киргенден мурда сүйлөгөн сөзүндө буларды айтты : «Бул жерде Тель Хашомер базасындамын жана аскерге чакырылуудан, Газадагы кылмыштуу согушка катышууну четке кагам. Кыргындын кыргынды чечпегендигин жана зомбулукту зомбулуктун чече албагандыгына ишенем. Ошондуктан четке кагуудамын".
Гаарец шейшемби күнү Митниктин гезитке берген маегинде : «Стрестемин бирок муну жеңериме ишенем. Туура кылганымды да билемин»,- деди.
Митник Газага карата кол салуулар тууралуу камакка алынган биринчи киши болгонун жана эгерде аскерге алынууну четке кагууну уланта турган болсо дагы көп абак жазасына тартылаары тууралуу маалымат берилди.
Жаш болгонуна карабастан Израилде согушка каршы жана демократия жактоочусу митингдерде алдыңкы планга чыккан активисттердин бири болгон Митник май айында Тель - Авивде болгон согуш жана оккупацияга каршы митингде 2022 - жылы Израиль армиясы тарабынан өлтүрүлгөн палестиналык журналист Ширин Эбу Акиленин портретин алып жүргөн.
Премьер - министр Биньямин Нетаньяху жетектеген өкмөттүн соттук реформасына каршы сентябрда болгон нааразылык акцияларында Митник жана бир топ жаштар Израиль армиясында кызмат кылбай тургандыктарын билдирген катты жарыялашкан.
Катта : «Биз, аскерге бара турган жаштар Израилде, оккупациядагы Палестина жерлеринде диктаторлукка каршыбыз жана Израиль башкаруусу астында жашаган баарын демократия кепилдикке алынганга чейин кызмат кылбай тургандыгыбызды жарыялайбыз»,- деген сөздөргө орун берилген.
Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.
Буга жооп катары Израиль армиясы аскердик учактар менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялады.
Күч алган чыңалууда көпчүлүгү балдар болгон 21 миң 100дөн ашуун палестиналык каза болду.