Венгрия Европа Биримдигине каршылык көрсөттү

Орбан борбор шаар Будапештте өткөрүлгөн пресс - конференцияда Европа Биримдиги Кеңеши менен Европа Парламентинин качкындар жана миграция келишимине баа берди.

2079602
Венгрия Европа Биримдигине каршылык көрсөттү

Венгриянын премьер - министри Виктор Орбан Европа Биримдиги  Кеңеши менен Европа Парламенти макулдашкан  качкындар жана миграция реформасы боюнча келишимдин «сөзсүз ийгиликсиз болорун» айтты.

Орбан борбор шаар Будапештте өткөрүлгөн пресс - конференцияда Европа Биримдиги Кеңеши менен Европа Парламентинин качкындар жана миграция келишимине баа берди.

Келишимдин түптөлгөндөн бери толугу менен туура эмес экендигин жактаган Орбан: «Бул тууралуу чоң талкуу өткөрдүк жана башка лидерлерге бул пакеттин  туура эмес экенин түшүндүрүү үчүн аракет кылдым»,-деди. 

Орбан Европа Биримдигине кирүүнү каалагандардын чек аранын сыртында арыз жазып, кайсы жерде жашаса ошол жерде акыркы чечимди күтүүлөрү керектигин белгиледи. 

Европа Биримдигинин мындай мамилесин кабыл албаса кандай келишим түзүлсө түзүлсүн "сөзсүз ийгиликсиз болоруна" көңүлдөрдү бурган Орбан өлкөсүнүн миграция тууралуу мамилесинин Европада ишке жараган бир гана модел экендигин жактады. 

Европа Биримдиги  2015 -  жылдагы миграция кризисинен бери баш калкалоочулардын  мүчө өлкөлөрдүн арасында кандай бөлүштүрүү, башпаанек үчүн кайрылуулары четке кагылгандарды кантип кайра кайтарууга карата чечүүчү жол издөөдө. Европа Биримдиги Комиссиясынын бул максатта даярдаган "Миграция жана башпаанек келишими" мүчө өлкөлөрдүн түрдүү мамилелеринен улам кабыл алынбай жатат. 

 



Тектеш кабарлар