Германияда Ирандын ишенимдүү өкүлү тышкы иштер министрлигине чакырылды
Дюссельдорф штатынын Жогорку соту кечээ Иран тектүү немецти өрт коюу аракети үчүн 2 жыл 9 айга эркинен ажыратты.
Германияда бир синагогага карата пландалган кол салуу тууралуу Ирандын Берлиндеги ишенимдүү өкүлү тышкы иштер министрлигине чакырылды.
Германияын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : "Дюссельдорф Жогорку мамлекеттик сотунун билдирүүсүнө караганда, 2022 - жылдын ноябрь айында Бохумдагы синагогага пландалган кол салуунун издери Ирандын мамлекеттик мекемесине таандык. Ушул себептен биз Ирандын ишенимдүү өкүлүн тышкы иштер министрлигине чакырдык",- деди.
Билдирүүдө Германиядагы еврей коомчулугунун кол салууга учурашынын кабыл алынгыс экендиги баса белгиленип : "Германияда чет элдиктердин көзөмөлүндөгү эч бир зомбулукка чыдабайбыз. Чечимдин чындыктары жана жыйынтыктары Европа Биримдиги деңгээлинде Иранга каршы кийинки кадамдар боюнча мааниге ээ болууда",- деди.
Дюссельдорф штатынын Жогорку соту кечээ Иран тектүү немецти өрт коюу аракети үчүн 2 жыл 9 айга эркинен ажыратты.
Соттогу чечимде өрт коюу аракетинин артында Иран мамлекеттик мекемелеринин тургандыгы белгиленди.