Медведев : НАТО менен түздөн түз кагылышуу коркунучу бар

Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев  өлкөсү менен НАТОнун ортосунда 3 -  Дүйнөлүк согушуна  айланышы мүмкүн болгон түздөн - түз  кагылышуу коркунучунун бар экендигин белгиледи.

2074399
Медведев : НАТО менен түздөн түз кагылышуу коркунучу бар

Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев  өлкөсү менен НАТОнун ортосунда 3 -  Дүйнөлүк согушуна  айланышы мүмкүн болгон түздөн - түз  кагылышуу коркунучунун бар экендигин белгиледи.

Медведев Telegram каналындагы билдирүүсүндө АКШнын  президенти Жо Байдендин Украинага карата жардамдарды  камтыган 105 миллиард долларлык бюджет талабынын Сенатта четке кагылышына баа берди.

Байден администрациясынын Конгресске  "шантаж" кылгандыгын жана мунун АКШ тарыхында жаңы бир  нерсенин жок экендигин  жактаган   Медведев буларды айтты : "Ыдырап бара жаткан кичинекей мамлекет үчүн мынчалык мынчалык акча талап кылынган эмес. АКШнын президенти жана үй  -  бүлө мүчөлөрүн  караңгылаштырган бир өлкө үчүн мынчалык агрессивдүү жана уятсыздык менен  акча талап кылынган эмес. Куба ракета кризисинен бери Россия менен НАТОнун ортосунда  3 -  Дүйнөлүк согушуна айланышы мүмкүн болгон түздөн түз кагылышуу коркунучу мынчалык чындык болгон эмес".

АКШ башкаруучулугунун Украинадагы согушта «акча таап жаткандыгын» айткан Медведев, Байдендин 2024-жылы боло турган президенттик шайлоодо утулуп калуу  ыктымалы бар деген  көз карашын  бөлүштү.

АКШ Конгрессинде Украинага жардам көрсөтүү боюнча катуу талкуулар улантылып,  Украинанын президенти Владимир Зеленский бул тууралуу 5 - декабрда Сенат мүчөлөрүнө бере турган брифинг акыркы мүнөттө токтотулуп чечимдин себеби тууралуу так маалымат берген эмес. 

АКШнын президенти Байден Израилге 14 миллиард доллар, Украинага 61 миллиард доллар жардамдарды камтыган  105 миллиард долларлык бюджет талап кылган бирок  сенатта  талап четке кагылган.

Ак үй жана украиналык айрым жетекчилер  АКШнын Украинага жардамдары болбосо  Россия менен согушта жоготору боюнча эскертти.  

 



Тектеш кабарлар