Аль-Аксада жума намазы тоскоолу
Жума намазы үчүн Аксага киргизилбеген палестиналыктар намаздарын Харам аль-Шарифтин айланасында окушту.
Басып алынган Чыгыш Кудстагы Аль-Акса мечитинин айланасындагы чектөөлөрүн уланткан Израиль полициясы, өткөн жумалардагыдай эле бул жума күнү да Аксада намаз окууну каалаган палестиналыктарга тоскоол болду.
Месжид-и Акса жайгашкан Кудстун Эски шаар аймагынын көчөлөрүн темир тосмолор менен жапкан Израиль күчтөрү, эртең мененки сааттардан бери палестиналык жаштарды, кээде улгайган палестиналыктарды да Аксага киргизбей коюшту.
Адатта жума күндөрү 100дөн 150 миңге чейин адам кезекте турган Аксада бул аптада 5 миңге жакын мусулман гана намаз окуй алды.
Израиль күчтөрү, Эски шаар аймагындагы темир тосмолор менен орнотулган көзөмөл пункттарында өздүк текшерүүлөрдү жүргүзүп, көп сандаган палестиналыкты артка кайтарды.
Израиль аскерлери, Месжид-и Аксага кирүүнү каалаган палестиналык жаштарга кийлигишип, орой мамиле кылышты.
Жума намазы үчүн Аксага киргизилбеген палестиналыктар намаздарын Харам аль-Шарифтин айланасында окушту.
Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.
Буга жооп катары Израиль армиясы да согуштук учактар менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын кабарлаган.
Чыңалуунун күчөшүндө көбү балдар 17 миңден ашуун палестиналык каза болду.
Тектеш кабарлар
Израилдин Бейрутка жаңы аба чабуулу
Бейруттун Дахие району дагы бир жолу израилдик абадан сокку урууга учурады.