Грек чалгындоосунан смартфон тууралуу эскертүү

Kathimerini гезитинин жазганына караганда, Грециянын чалгындоо кызматы смартфондорго байланыштуу өкмөт мүчөлөрүнө жана жогорку мамлекеттик кызматкерлерге эскертүү катын жиберген.

2072796
Грек чалгындоосунан смартфон тууралуу эскертүү

Грециянын Чалгындоо Уюмунун  министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө смартфондордогу тиркемелер аркылуу сүйлөшүү жана билдирүүлөрдүн коопсуз эместиги тууралуу эскертүү жиберилгени айтылды.

Kathimerini гезитинин жазганына караганда, Грециянын чалгындоо кызматы смартфондорго байланыштуу өкмөт мүчөлөрүнө жана жогорку мамлекеттик кызматкерлерге эскертүү катын жиберген.

Жазууда : "Смартфондордогу белгилүү тиркемелер аркылуу сүйлөшүүлөрүңүз коопсуз эмес”,- деп билдирилди.

Гезиттин кабарында анонимдүү булактарга таянып, бул арыздар аркылуу курч маселелердин талкууланбашы керектиги баса белгиленди.

Грецияда 2022 - жылы грек журналист Танасис Кукакистин чөнтөк телефонунан «Жырткыч» тыңчылык программасы аныкталгандан кийин "predator"  күн тартибине келди.

Грек басма сөзүндө чыккан кабарларда  көп сандаган саясатчы, бюрократ, журналист жана ишкердин телефондорунун "тыңшалгандыгы" ортого салынган.

 



Тектеш кабарлар