Би-Би-Сиден Түркия талдоосу

Би-Би-Синин кабарчысы Эстер Кахумби тарабынан даярдалган кабарда, Эрдогандын лидерлигиндеги Түркиянын Африкадагы таасири баса белгиленди.

2070450
Би-Би-Сиден Түркия талдоосу

Британ телерадиокомпаниясы Би-Би-Си президент Режеп Таййип Эрдоган жана анын жетекчилигинде калыптанган Түркиянын тышкы саясаты тууралуу талдоо кабарын жарыялады.

Би-Би-Синин кабарчысы Эстер Кахумби тарабынан даярдалган кабарда, Эрдогандын лидерлигиндеги Түркиянын Африкадагы таасири баса белгиленди.

Кабарда Түркиянын Африка өлкөлөрүнө, дүйнөлүк супер державалар Орусия же Кытайдан айырмаланып жагымдуу жумшак күч альтернативасын сунуштаганы билдирилди.

Кабарда «Түркия Мали, Чад, Судан, Гвинея, Буркина-Фасо, Нигер жана Габондогу бир катар төңкөрүштөрдөн кийин Сахел аймагындагы өлкөлөрдө катышуусун арттырды»,- деп айтылды.

Түркиянын 2005-жылды «Африка жылы» деп жарыялоосунун маанисине токтолгон Би-Би-Синин макаласында кабарчы Кахумби, бул чечимдин бурулуш учур экенин белгилеп: «Ал кезде Түркиянын Африкада 12 элчилиги бар болчу. Бирок эч кандай аба жолу менен байланышы болгон эмес. Бүгүнкү күндө континентте иш алып барган Түрк аба жолдорунун 59 багыты менен бирге 44 элчилик бар. 20 жылга жакын убакыттан бери Анкара континенттеги соода, гуманитардык жардам, билим берүү жана дипломатиялык байланыштарын тездик менен кеңейтти»,-деген сөздөр камтылды.

Кабарда Түркиянын Африкадагы аскердик күчүнө да басым жасалып, Африка өлкөлөрүнүн куралдуу топторго каршы күрөшүү үчүн Түркияда чыгарылган учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар