Гутерриш БУУнун имаратында билдирүү жасады

Израиль менен Газанын ортосундагы "Керем Шалом" чек ара бекетинин ачылаарын үмүт кылганын айткан Гутерриш, мунун көбүрөөк жардам жөнөтүүгө шарт түзөөрүнө көңүл бурду.

2069657
Гутерриш БУУнун имаратында билдирүү жасады

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш: «Газадагы гуманитардык тыныгуу, согуштун караңгылыгында адамзат үчүн кадам жана үмүт нуру болуп саналат»,-деди.

Гутерриш АКШнын Нью-Йорк шаарындагы БУУнун имаратында билдирүү жасады.

Израиль менен Газанын ортосундагы "Керем Шалом" чек ара бекетинин ачылаарын үмүт кылганын айткан Гутерриш, мунун көбүрөөк жардам жөнөтүүгө шарт түзөөрүнө көңүл бурду.

Газадагы кагылышуу аяктагандан кийин өткөөл процессинин маанилүү роль ойной турганын баса белгилеген Гутерриш, бул тема боюнча комментарий берүүгө али эрте болсо да, Газада жоопкерчиликти Палестина башкаруучулугу алышы керек деп ойлогондорун билдирди.

Эл аралык коомчулуктун да буга колдоо көрсөтүүсү керектигин баса белгилеген Гутерриш, Палестина башкаруучулугунун эки мамлекеттүү чечимге көңүл бурушу керек экенин айтты.

Газадагы “гуманитардык тыныгуунун” узартылышына байланыштуу Антонио Гутерриш: «Газадагы гуманитардык тыныгуу согуштун караңгылыгында адамзат үчүн кадам жана үмүт нуру болуп саналат»,-деди.

Гутерриш бул «гуманитардык тыныгуулардын» оор абалдагы Газа калкына көбүрөөк гуманитардык жардам жеткирилишине шарт түзө турганын, мунун да биринчи этапта жетиштүү эмес экенин түшүнгөнүн белгиледи.



Тектеш кабарлар