Түндүк Корея Түштүк Корея менен аскердик чыңалууну азайтуу келишимин жойду
Бул тууралуу Түндүк Кореянын Борбордук Кабар агенттиги маалымат берди.
Түндүк Корея Түштүк Корея менен 2018 - жылдын 19 - сентябрында кол коюлган аскердик чыңалууну азайтуу келишимин жойгондугун жарыялады.
Түндүк Кореянын Борбордук Кабар агенттигинин (KCNA) билдиргенине караганда, Коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө Түштүк Корея менен кол коюлган аскердик чыңалууну азайтуу келишиминин жоюлгандыгы белгиленип Түштүктүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында келишимдин бир топ беренесин "жараксыз кылды" деген баа берилди.
Келишимдин "долбоор бир кагаздан айырмасынын жок экендиги" белгиленген билдирүүдө келишимге байланыштуу токтотулган бардык аскердик чаралар кайрадан ишке ашырыла турганы кабарланды.
Билдирүүдө Түндүк Корея армиясынын сөз болуп жаткан келишимге мындан ары баш ийбей турганы, эки өлкөнүн ортосундагы аскердик чек ара сызыгына дагы күчтүү куралдуу күчтөрдүн жана жаңы аскердик техникалардын жайгаштырыла тургандыгы белгиленди.