Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат

Газа өкмөтүнүн басма сөз кызматы, Telegram баракчасынан кол салуулардын 45-күнүндө Газа тилкесиндеги каза болгон жана жаралангандардын саны менен кыйроолор боюнча акыркы абалды бөлүштү.

2066753
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат

Израиль армиясынын Газа тилкесине 7-октябрдан берки кол салууларында каза болгондордун саны 5 миң 600ү бала, 3 миң 550ү аял жалпы 13 миң 300гө жетти.

Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAнын маалыматына караганда, Израилдин согуштук учактары Газада жер которгон палестиналыктар жашаган мектеп менен тогуз үйдү бутага алып, көп сандаган өлүм жана жаралангандар бар.

Газа өкмөтүнүн басма сөз кызматы, Telegram баракчасынан кол салуулардын 45-күнүндө Газа тилкесиндеги каза болгон жана жаралангандардын саны менен кыйроолор боюнча акыркы абалды бөлүштү.

Буга караганда 7-октябрдан бери уланган кол салууларда 13 миң 300 киши каза тапты; каза болгондордун 5600ү балдар, 3550ү аялдар.

Кол салууларда 201 дарыгер, медайым, биринчи жардам кызматкери жана 62 журналист каза болуп, жаракат алгандардын саны 31 миңге жетти.

Дайынсыздардын саны болсо урандыларда жана көчөлөрдөгү сөөктөрдү кошкондо 6500дөн ашты. Алардын 4400дөн ашыгы аялдар жана балдар.

Буга чейин Израилдин кол салууларында 98 мамлекеттик имарат жана 266 мектеп бутага алынып, 66 мектеп иштебей калган.

Бомбаланган 170 мечиттин 83ү толугу менен талкаланган.

Бир тараптан Израиль армиясынын билдирүүсүндө, акыркы 24 сааттын ичинде Газа тилкесинде болжол менен 250 пунктка абадан сокку урулганы белгиленди.

Билдирүүдө, сокку урулган жерлердин Хамастын аскердик канаты Иззеддин ал-Кассам бригадаларына таандык «буталар» экени айтылды.



Тектеш кабарлар