Түштүк Корея кытайлык аскерлердин сөөктөрүн кайтарып берет
Коргоо министрлиги, сөөктөрдү кайтаруу үчүн келерки аптада Инчхон эл аралык аэропортунда азем өткөрүлө турганын белгиледи.
2065734
Түштүк Корея 1950-1953-жылдары болгон Корея согушунда каза тапкан 25 кытайлык жоокердин сөөгүн кайтарып берерин жарыялады.
Yonhap агенттигинин маалыматына караганда, Коргоо министрлиги сөөктөрдү кайтаруу үчүн келерки аптада Инчхон эл аралык аэропортунда азем өткөрүлө турганын белгиледи.
Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Коргоо министрлиги, Кытай менен достук кызматташтыгынын алкагында Түштүк Кореяда сөөктөрү табылган кытайлык аскерлердин сөөктөрүн кайтарууну улантат»,- деп айтылды.
Буга ылайык келерки аптада 25 кытайлык аскердин сөөктөрү өлкөсүнө жөнөтүлө турган 10-экстрадиция процесси ишке ашат.
Түштүк Корея 2014-жылы кол коюлган өткөрүп берүү долбоорунун алкагында ушул учурга чейин 913 кытайлык аскердин сөөгүн кайтарды.