OECD: "Миграция 2022-жылы рекорддук деңгээлге жетти"
OECDнин эл аралык миграциялык перспектива 2023 отчету жарыяланды.
Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюмуна (OECD) мүчө өлкөлөргө туруктуу миграция былтыр рекорддук деңгээлге жетти.
OECDнин эл аралык миграциялык перспектива 2023 отчету жарыяланды.
Отчетко караганда OECD өлкөлөрүнө туруктуу миграция былтыр 2021-жылга салыштырмалуу 26 пайызга өстү, ал эми алдыңкы көрсөткүчтөр бул өсүштүн 2023-жылы уланганын көрсөтүүдө.
Өткөн жылы OECD өлкөлөрүнө туруктуу миграция рекорддук көрсөткүчкө жетип, 6 миллиондон ашык жаңы туруктуу мигранттарды түздү.
Бардык жаңы туруктуу миграциянын 40 пайызы үй-бүлөлүк миграциядан болсо, анын 21 пайызы эмгек миграциясы болгон. Канада менен Украинада рекорддук миграция көрсөткүчтөрү катталды.
Бул сандарга украиналык качкындар кирбейт.
OECD өлкөлөрүндөгү украиналык качкындардын саны 2023-жылдын июнь айына карата 4,7 миллионго жетти. Украинадагы качкындар кризиси Экинчи Дүйнөлүк cогуштан берки Европада байкалган эң чоң "жер которуу" болду.
Украина, Польша жана АКШ эң жогорку украиналык качкындар саны менен айырмаланса, Эстония, Чехия жана Литва калктын башына эң көп украин качкындары болгон өлкөлөр катары катталды.
OECD өлкөлөрүндө мигранттардын жумуш менен камсыз болушу 2021-2022-жылдар аралыгында жакшырды, Польшадан башкасы рекорддук эң жогорку деңгээлге жетти.
Жаңы Зеландия 82,7 пайыз менен эң көп мигрант жумуш менен камсыз болгон өлкө болсо, бул көрсөткүч Австралияда 77,2 пайыз, Улуу Британияда 75,8 пайыз жана АКШда 72,6 пайыз болду. Бул өлкөлөрдө мигранттардын жумуштуулук деңгээли ички жумуштуулук көрсөткүчүнөн ашып кетти.
Ал эми ЕБде мигранттардын жумуш орду 66,8 пайыз деп эсептелди.
OECD өлкөлөрүндө жарандык алган мигранттардын саны да 2022-жылы 2,8 миллионго өстү.