Түндүк Кореянын лидери Сергей Лавровду кабыл алды

Россиянын Тышкы иштер министри Лавров Россия менен Түндүк Кореянын ортосундагы дипломатиялык карым – катнаштардын 75 жылдыгын белгилөө үчүн борбор шаар Пхеньянга расмий сапар менен барды.

2053296
Түндүк Кореянын лидери Сергей Лавровду кабыл алды

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кабыл алды.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Лавров Россия менен Түндүк Кореянын ортосундагы дипломатиялык карым – катнаштардын 75 жылдыгын белгилөө үчүн борбор шаар Пхеньянга расмий сапар менен барды. 

Лавров жолугушууларында Түндүк Кореянын лидери Ким тарабынан кабыл алынды жана жолугушуу 1 сааттан ашык созулду.

Лавров Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Чо Сон Хуй менен да жолугушту. Жолугушууда  эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө байланыштуу  актуалдуу маселелер,  саясий байланыштардын графиги кеңири талкууланды.

Россия менен Түндүк Кореянын лидерлери түзгөн келишимдердин кенен түрдө ишке ашырылышы жана  өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулган жолугушууда Ковид - 19 эпидемиясынан кийинки эки тараптуу соода көлөмүнүн арттырылышына басым жасалды. 

Корея  жарым аралындагы жана Түндүк - Чыгыш Азиядагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөр талкууланган жолугушууда ал жердеги көйгөйлөрдү саясий жана дипломатиялык жол менен чечүү боюнча өз ара чечкиндүүлүк жана аймактагы чыңалууну азайтуу үчүн биргелешкен күч - аракеттерди жумшоого даяр экендиктери ырасталды.

Эки министр  тең Азия  -  Тынч океан аймагындагы абалдын оорлошуусуна жол ачкан АКШнын гегомониялык амбицияларына каршы чыгуу чечкиндүүлүктөрүн баса белгилешти. 

 



Тектеш кабарлар