Папа : "Газадагы абал үмүтсүз"

Ватикандын президенти Папа Франциск Израилдин Газадагы ооруканага кол салуусунан кийин Газадагы абалдын үмүтсүз экенин белгилеп, гуманитардык кырсыкты алдын алууга чакырды.

2052660
Папа : "Газадагы абал үмүтсүз"

Католиктердин руханий лидери жана Ватикандын президенти Папа Франциск Израилдин Газадагы ооруканага кол салуусунан кийин Газадагы абалдын үмүтсүз экенин белгилеп, гуманитардык кырсыкты алдын алууга чакырды.

Папа шаршемби күндөрү Ватикандын Ыйык Петр аянтында өткөрүлгөн жалпы кабыл алуу жыйынында Жакынкы Чыгыштагы абалдарга токтолду.

Папа Франциск Израилдин Газадагы аль - Ахли баптист ооруканасына кол салуусунда 500 палестиналыктын каза болушунан  кийин сөз сүйлөп : "Бүгүн да биздин ойлорубуз Палестина менен Израилде.  Жабыркагандардын саны көбөйүүдө. Газадагы абал үмүтсүз. Гуманитардык кырсыкты алдын алуу үчүн колдон келгендин баарын аткарыңыздар", -деди.

Дүйнөдө көптөгөн согуш фронту ачык болгон процессте кагылышуунун кеңейишинин тынчсыздандыруучу экендигин айткан папа : "Куралдар үнү токтоп, жакырлардын, элдердин жана балдардын тынчтык үндөрү угулсун",- деди. 

Католиктердин руханий лидери  тынчтыкка чакыруусун кайталап,  27 - октябрда Ватикандагы коомдук иш-чарада тынчтык үчүн сыйынуу күнүн өткөрө тургандыктарын билдирди.

Рим папасы Франциск бул иш-чарага христиан дининин жана башка диндердин өкүлдөрүн чакырып : "Ал күнү кечинде  жергиликтүү убакыт боюнча саат 18 :00дө Азиз Петруста дүйнө тынчтыгы үчүн бир саат дуа кылабыз",- деди. 

 

Папа ишенгендерден "учурда айтылбай, бирок азап чегип жаткан" деп мүнөздөгөн Украина үчүн да дуа кылынышын суранды.

 

 

 



Тектеш кабарлар