БиБиСи коомчулукту жаңылткандыгын моюнга алды

БиБиСинин бир күндүк маалымат бюллетендеринде Британияда уюштурулган Палестинага колдоо жүрүштөрүн "Хамаска колдоо" деп мүнөздөөсү, өлкөдө каршы чыгууларга жол ачты.

2052170
БиБиСи коомчулукту жаңылткандыгын моюнга алды

Британиядагы Палестинаны колдогон митингдерди "Хамаска колдоо" деп аныктаган БиБиСи  каршы чыгуулардан кийин "жаңылтуучу бир аныктама" колдонгондугун кабыл алды.

БиБиСинин бир күндүк маалымат бюллетендеринде Британияда уюштурулган Палестинага колдоо жүрүштөрүн "Хамаска колдоо" деп мүнөздөөсү, өлкөдө каршы чыгууларга жол ачты. 

Сындардан кийин БиБиСиден бир диктор  жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00 чамаларында берилген бир уктурууда "Хамаска колдоо" деген аныктама менен бул билдирүүнү жасады : "Британияда  уюштурулган жана адамдардын Хамасты колдогондорун билдирген митингдерден сөз кылганбыз. Мунун терс билдирүү экендигин жана Палестина жактоочусу митингдерге байланыштуу жаңылтуучу аныктама экендигин кабыл кабыл алабыз". 

Өткөн жуманын акырында Британияда  бир топ шаарда он миңдеген киши Палестина менен тилектештикти көрсөтүү максатында көп сандаган митинг уюштурулган. 

 

 



Тектеш кабарлар