Малайзия Палестинага 1 миллион Малайзия ринггитин которуу чечимин чыгарды

Ахмад Захид : "Өкмөт палестиналыктарга мүмкүн болгон эң кыска убакытта  жардамдарды багыттоо процессин жеңилдетүүнү улантат",- деди.

2048973
Малайзия Палестинага  1 миллион Малайзия ринггитин которуу чечимин чыгарды

Малайзия өкмөтү акыркы мезгилде Израиль менен Хамастын ортосунда болгон кагылышуу жана зомбулук окуяларынан кийин Тышкы иштер министрлиги тарабынан палестиналыктар үчүн түзүлгөн гуманитардык жардам фондуна  1 миллион Малайзия ринггитин (болжол менен  211 миң доллар) которуу чечимин чыгарды. 

Малайзиянын вице - премьер - министри Ахмад Захид Хамиди сөз болуп жаткан сумманын Малайзиянын ар түрдүү тармактарда чукул жардамга муктаж Палестина калкына гуманитардык жардамдын алкагында ташталган «ылдам» кадамы экендигин белгиледи.

Ахмад Захид : "Өкмөт палестиналыктарга мүмкүн болгон эң кыска убакытта  жардамдарды багыттоо процессин жеңилдетүүнү улантат",- деди. 

Малайзия парламентинин мүчөлөрүн фондго салым кошууга чакырган Ахмад Захид Малайзиянын бардык аймактык жана эл аралык мекемелерин "мүмкүн болгон эң кыска убакытта" атайын отурумдар жана жыйындарды өткөрүүгө чакырарын да баса белгиледи. 

Кечээ Деван Ракятта 17 депутаттын катышуусунда жыйын өтүп,  палестиналыктардын өз жерлерин жана укуктарын “сионисттик режимден” кайтарып алуу күрөшүн колдоо боюнча түрдүү сунуштар жана пикирлер айтылды.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы ишемби күнү Израилге "Акса топону" деп аталган кеңири чабуул жасаганын жарыялады. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылып, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы аскердик учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Күч алган чыңалууда эки тараптан  жүздөгөн курмандыктар бар.

 

 



Тектеш кабарлар