Энтони Блинкен Мексикага барды

Сапарынын экинчи күнүндө Блинкен жана аны коштогон делегация борбор шаар Мексикада Лопес Обрадор тарабынан кабыл алынды.

2047063
Энтони Блинкен Мексикага барды

Мексикага барган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен президент Андрес Мануэль Лопес Обрадор менен жолугуп, “миграция, баңгизат аткезчилиги жана экономикалык кызматташтыкты” талкуулады.

Сапарынын экинчи күнүндө Блинкен жана аны коштогон делегация борбор шаар Мексикада Лопес Обрадор тарабынан кабыл алынды.

X социалдык медиа платформасында жолугушуунун видеосун бөлүшкөн Лопес Обрадор, АКШ менен болгон достукка чоң маани бергендерин баса белгиледи.

Блинкен менен «миграция, баңгизат аткезчилиги жана экономикалык кызматташтык» темасында сүйлөшкөндөрүн белгилеген Лопес Обрадор, бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн биргелешип иштей тургандарын айтты.

Лопес Обрадор: «Кыйынчылыктарга каршы турууда эки өлкө тең буга даяр деп ишенем. Бул жерде биз менен болуп, чогуу иштешкениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бирге иштешүүнү улантабыз, эки өлкөнүн мамилеси абдан жакшы жана мындан ары да жакшыра берет»,-деди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер да жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө: «Эки өлкөнүн ортосунда экономика жана коопсуздук темаларында, жылдык жогорку деңгээлдеги диалогдорго байланыштуу жемиштүү талкууларга жана жалпы жетишкендиктерге жык толгон жыл белгиленүүдө»,-деп баа берди.

Миллер Мамлекеттик катчы Блинкендин наркобарон Овидио Гусманды экстрадиция кылганы үчүн Мексиканын президенти Лопес Обрадрорго ыраазы экенин белгиледи.

Мексикалык маалымат каражаттарында жарыяланган кабарда болсо Лопес Обрадор менен Блинкендин жыйындын аягында мыйзамсыз миграция жана фентанил менен күрөшүү темасында макулдашкандары билдирилди.



Тектеш кабарлар