Франция Нигердеги бөлүктөрүн чыгарууда
Франциянын Нигердеги аскердик бөлүктөрүн жылдын акырына чейин чыгарат.
Франция Нигерден аскердик бөлүктөрүн чыгара баштагандыгын жарыялады.
Франциянын Башкы штабынын билдирүүсүндө, Нигер менен аскердик кызматташтыгынын акырына чыккандыгына байланыштуу президент Эммануэль Макрондун 24 - сентябрда он жылга жакын убакыттан бери бул өлкөдө кызмат өтөгөн француз аскерлеринин чыгарылышына буйрук бергени белгиленди.
Билдирүүдө Франциянын Нигердеги аскердик бөлүктөрүн жылдын акырына чейин чыгара тургандыгы айтылды.
Нигерде президент Мухаммед Базум 26 - июлда президенттик гвардия полкунун элементтери тарабынан кармалган жана ошол эле күнү кечинде аскерлер бийликти колго алышканын жарыялашкан.
Президенттик гвардия полкунун командири, генерал Абдуррахмане Чиани 28-июлда CNSP деп аталган өткөөл өкмөттүн башчысы болду.
CNSP 7 - августта Ламин Зейнени премьер - министрликке дайындады жана 10 - августта аскерлер менен жарандардан турган 21 кишилик министрлер кабинетин жарыялады.
Нигердин жаңы башкаруусу Франция менен болгон аскердик келишимдерин жокко чыгарганын жарыялап, өлкөдөгү француз аскер бөлүктөрүнүн чыгарылышын жана Франция элчисинин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган.
Париж башкаруусу бул талаптарды аткарбай тургандыгын жарыяласа да француз элчиси өткөн аптада борбор шаар Парижге кайтууга аргасыз болду.