Украинанын дан инспекциялары Польша  чек арасынан Литвага жылды

Польшанын Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүндө Польша,  Украина жана Литванын айыл чарба министрлеринин онлайн жыйын өткөргөндүгү белгиленди.

2045704
Украинанын дан инспекциялары Польша  чек арасынан Литвага жылды

Украинанын дан инспекциялары Польша  чек арасынан Литвага жылды.

Польшанын Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүндө Польша,  Украина жана Литванын айыл чарба министрлеринин онлайн жыйын өткөргөндүгү белгиленди. 

Билдирүүдө : "Министр Роберт Телус Литванын айыл   чарба министри Кестутис Навицас жана Украинанын айыл чарба саясаты жана азык  - түлүк министри Николай Солский менен сүйлөшкөдөн  кийин Украинадан келген жүктөрдүн эртеңден баштап Литванын портторунда текшериле тургандыгын билдирди",- деп айтылды. 

Ушул боюнча Украинадан жиберилген дан Польша аркылуу транзит түрдө дагы ылдам өтөт жана текшерүү Польшада эмес Литва портторунда жүргүзүлөт. 

Билдирүүдө көз караштарына орун берилген Польшанын Айыл  - чарба министри Телус : "Бул  польшалык дыйкандар, Украина, Европа Биримдиги жана ал түгүл бүткүл дүйнө үчүн абдан жакшы абал. Анткени Украинадан келген дан муктаж болгон аймактарга барышы керек",- деген баа берди. 

Европа Биримдиги Комиссиясынын Украина данына карата чектөөнүн узартылбай тургандыгын билдиргенден кийин Польша, Украинадан дан экспортуна киргизген эмбаргону узартуу чечимин чыгарган. 

Варшаванын бул кадамы Киевдин Дүйнөлүк Соода Уюмуна  арыздануусу менен катуу каршылык көрсөтүүсүнө себеп болгон.  Буга жооп катары Варшава санкциялар тизмесине украин товарларынын дагы көп  кошулушу мүмкүн экендиги боюнча эскерткен. 

 

 



Тектеш кабарлар