Ирактын премьер-министри: "Өнүгүү жолу долбоору башталды"

Судани өлкөсүнө барган Орусиянын вице-президенти Игорь Левитин менен борбор шаар Багдадда жолугушту.

2045679
Ирактын премьер-министри: "Өнүгүү жолу долбоору башталды"

Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиа аль-Судани, Перс булуңунан Түркияга чейин созула турган Өнүгүү жолу долбоорунун башталганын билдирди.

Ирактын премьер-министрлигинин басма сөз кызматынын жазуу түрүндөгү маалыматына караганда Судани, өлкөсүнө барган Орусиянын вице-президенти Игорь Левитин менен борбор шаар Багдадда жолугушту.

Жакынкы күндөрдө Москвага жасай турган сапары да сүйлөшүлгөн жолугушууда премьер-министр Судани, Өнүгүү жолу долбоору жана Basra Fav Порт проектисинин башталганын маалымдады.

Өнүгүү жолу жана Fav порт долбоорлорунун туруктуу экономикалык долбоорлор экенин түшүндүргөн Судани, көп тараптуу экономикага кадам таштагысы келген өкмөттүн киреше булагы катары бир гана мунайга көз каранды болууну каалабагандыгын белгиледи.

Өнүгүү жолу долбоору Ирактан Түркияга чейин созулган жол жана темир жол менен бул алкакта курула турган порт жана шаарларды камтыйт.

Ирак, долбоордун биринчи этабы болгон Чоң Фав портунун негизинде Түркия аркылуу Азия менен Европанын ортосундагы саякат убактысын кыскартууну жана транзиттик борбор болууну максат кылууда.

Жакынкы Чыгыштын эң чоң порту болушу жана 2025-жылы бүткөрүлүшү пландалган Фав портун Түркия чек арасына туташтыра турган 1200 километрдик темир жана автожолдор үчүн 17 миллиард доллар сарпталышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар