Россия менен Украинанын ортосундагы абалдар
Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын түн ичинде Белгород аймагына көп стволдуу ракета аткыч системасы менен кол салууга аракет кылганын билдирди.

Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын түн ичинде Белгород аймагына көп стволдуу ракета аткыч системасы менен кол салууга аракет кылганын билдирди.
Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Киевдин «Ураган» көп стволдуу ракета аткыч системасы менен Россиянын аймагындагы объектилерге кол салуу аракетинин жергиликтүү убакыт боюнча саат 03.45 чамасында токтотулгандыгы белгиленди.
Билдирүүдө Белгород облусунун аба мейкиндигинде 9 ракетанын абадан коргонуу системалары менен жок кылынгандыгы маалымдалды.
2022 - жылдын 24 - февралында Россиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук берип Россия - Украина согушу башталган.
Путин Киевдин НАТОго кирүүсүнө жол бербөө жана аны Россиянын таасир астында калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацизмди жоюуну максат кылгандыгын айткан.