Индия менен АКШ биргелешкен машыгуу өткөрдү

Индия армиясынын X социалдык медиа платформасынан берилген маалыматта  машыгуунун АКШнын Аляска штатында өткөрүлгөндүгү билдирилди.

2044455
Индия менен АКШ биргелешкен машыгуу өткөрдү

Индия менен Америка Кошмо Штаттарынын  армиялары 19 -  «Юд Абхьяс» машыгуусун өткөрүштү.

Индия армиясынын X социалдык медиа платформасынан берилген маалыматта  машыгуунун АКШнын Аляска штатында өткөрүлгөндүгү билдирилди. 

Маалыматта 8 - октябрга чейин улануусу пландалган машыгууга Индия армиясынан 350 кызматкеринин катышкандыгы айтылды. 

Маалыматта машыгуунун эки армиянын ортосундагы байланышты чыңдоого багытталганы жана оор климаттык шарттарда логистикалык колдоо жана медициналык жардам сыяктуу ар түрдүү колдонмолордун талкууландыгы белгиленди.

Индия менен АКШ аскерлери 29 - ноябрда Индиянын Кытай менен талаштуу чек арасына жакын тоолуу аймакта “Юд Абхяс” машыгуусун өткөрүшкөн.

АКШ менен Индиянын ортосунда 2000 - жылдардын башында башталган "Юд Абхяс" деп аталган машыгуулар жыл сайын өткөрүлүүдө. 

 

 


 



Тектеш кабарлар